МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ МОНИТОРИНГ ИНСТРУМЕНТИ АПРОБАЦИЯЛАНУУЧУ БАЛА БАКЧАЛАР ҮЧҮН СЕМИНАР ӨТҮЛДҮ

2025-жылдын 18 жана 21-августунда Билим сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан Zoom платформасында 5–6 жаштагы балдардын башталгыч мектепке даярдыгын баалоого багытталган тышкы мониторинг инструментин апробациялоо жана ылайыкташтыруу пландалган Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун 15 мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында иш жүргүзө турган райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери, жетекчилер, усулчулар жана тарбиячылар үчүн семинарлар өткөрүлдү.
Пилоттук мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 2025-жылдын 2-12-сентябрь айынын аралыгында Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан жүргүзүлүп жаткан мониторинг инструментин ишке киргизүү алкагында ылайыкташтырууга тийиш болгон индикаторлор жана критерийлер апробациядан өткөрүлөт.
Иш-чаранын негизги максаты – 2025-жылдын 2–12-сентябрына белгиленген апробацияга даярдык көрүү, мониторинг инструментинин максат-мазмуну жана аны колдонуу тартиби менен тааныштыруу болду.
Катышуучуларга апробациянын уюштурулушу, жоопкерчиликтери жана күтүлүүчү натыйжалары боюнча маалымат берилди. Апробация жыйынтыгы боюнча талдоо жүргүзүлүп, зарыл болгон сунуштар жана өзгөртүүлөр киргизилет.
Бул иш-чара мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана улуттук деңгээлде билим берүүнү башкарууда так, ишенимдүү маалымат алууну камсыз кылуу максатында өткөрүлдү.

Опубликовано 21.08.2025 пользователем Admin

Назад