ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтому менен бекитилди) жобо
|
|
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим
министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын
өнүктүрүү департаменти жөнүндө
жобо
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарына ылайык формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү функцияларын аткарууга ыйгарым укук берилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин (мындан ары - Департамент) ишин уюштуруунун тартибин аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Министрлик) өз алдынчалуулук, көз карандысыздык жана айкындуулук принциптеринде иш алып баруучу ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
Департаменттин уюштуруу-укуктук формасы - оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
3. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Министрликтин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Департамент юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы жана оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитилип берилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасындагы алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары болот.
5. Департамент өзүнүн атынан келишимдерди, бүтүмдөрдү түзөт, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болот, коюлган милдеттерди аткарат, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, өзүнүн компетенциясына кирген функцияларды аткарууда өз алдынча иш жүргүзөт.
6. Департаменттин ишин Министрлик контролдойт.
7. Департаменттин толук аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти";
расмий тилде: "Департамент развития качества образования при Министерстве образования и науки Кыргызской Республики".
8. Департаменттин кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти";
расмий тилде: "Департамент развития качества образования".
9. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Касым Тыныстанов кечөсү, 257.
2-глава. Департаменттин милдеттери жана функциялары
10. Департаменттин милдеттери:
1) формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү, анын сапаты жөнүндө так, толук жана объективдүү маалымат алуу;
2) билим берүү уюмдарынын жана программаларынын рейтингин аныктоо;
3) Кыргыз Республикасында берилген билими жөнүндө документтердин аныктыгын күбөлөндүрүү тартибин белгилөө жана алардын аныктыгын күбөлөндүрүү;
4) чет өлкөлөрдө берилген билими жөнүндө документтерди таануу.
11. Департамент төмөнкү функцияларды аткарат:
1) формалдуу билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде билим берүүнүн сапатына мониторинг үчүн баалоо жүргүзүү жол-жоболорунун методологияларын иштеп чыгуу, апробациялоо жана киргизүү;
2) мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде билим берүүнүн сапатын өлчөөнүн критерийлерин жана индикаторлорун аныктоо;
3) педагогикалык курамдын кесиптик компетенцияларына изилдөө жүргүзүү;
4) формалдуу билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде билим берүүнүн сапатын баалоо системасынын натыйжаларынын негизги колдонуучуларынын суроо-талаптарын эске алуу менен билим алуучулардын билиминин жетишкендиктерине жана мамлекеттик билим берүү стандарттарын жана билим берүү программаларын ишке ашыруунун натыйжалуулугуна тышкы баалоону уюштуруу;
5) мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана эл аралык билим берүү программаларына шайкештигин текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипке ылайык тандама тестирлөө системасынын жана башка баалоо жол-жоболорунун негизинде көз карандысыз эксперттерди жана уюмдарды тартуу жолу менен формалдуу билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде билим берүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү уюштуруу жана өткөрүү;
6) билим берүү уюмдарынын жана программаларынын рейтингин аныктоо үчүн билим алуучунун билим жетишкендиктерине баа берүүнүн методологияларын жана механизмдерин иштеп чыгууну, апробациялоону жана ишке киргизүүнү системалуу негизде жүзөгө ашыруу, ошондой эле билим берүү уюмдарында билим алуучуларга жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация өткөрүүнүн контролдук-өлчөө материалдарын жана механизмдерин киргизүү;
7) ыктыярдуу негизде жалпы орто билим берүү деңгээлинде билим алуучуларга республикалык тестирлөөнү (сынамык жана негизги) өткөрүүнүн контролдук-өлчөө материалдарын жана механизмдерин методологиялык иштеп чыгууну, апробациялоону жана ишке киргизүүнү системалуу негизде жүзөгө ашыруу;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Тартипке ылайык жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациялоодон өткөрүү методологияларын иштеп чыгуу жана өркүндөтүү;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Тартипке ылайык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс өткөрүү тартибин иштеп чыгуу жана өркүндөтүү жана конкурс өткөрүү;
10) билим берүү уюмдарынын билим алуучуларынын билим алуудагы жетишкендиктерин улуттук жана эл аралык баалоону жүргүзүү, ошондой эле келишимдик негизде каалаган билим алуучунун билим алуудагы жетишкендиктерин ыктыярдуу баалоону жүргүзүү;
11) формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү чөйрөсүндө коррупцияга каршы аракеттенүүлөр боюнча чараларды көрүү;
12) билим берүү уюмдарынын жана программаларынын рейтингин аныктоо;
13) Кыргыз Республикасында берилген билими жөнүндө документтердин аныктыгын күбөлөндүрүү;
14) чет өлкөлөрдө берилген билими жөнүндө документтердин аныктыгын таануу;
15) Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатынын негизги көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана талдоо;
16) формалдуу билим берүүнүн сапатына мезгил-мезгили менен жүргүзүлгөн мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымдоо (жеке маалыматтардан тышкары).
Формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыктарын натыйжалуу пайдалануу, мамлекеттик билим берүү саясатын түзүү, билим берүү уюмдарына билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды берүү жана методологиялык жардам көрсөтүү аркылуу билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча өз убагында чараларды көрүү үчүн Министрликке учурдагы жылдын 25-декабрынан кечиктирбестен жыл сайын аналитикалык отчет берилет.
3-глава. Департаменттин укуктары
12. Ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген милдеттерди аткаруу үчүн Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн компетенциясынын жана ыйгарым укуктарынын алкагында буйруктарды жана тескемелерди чыгарууга;
2) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка уюмдардан формалдуу билим берүүнүн бардык деңгээлдеринин сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү менен байланышкан маалыматтарды белгиленген тартипте сурап алууга;
3) өз милдеттерин аткаруу үчүн эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардан техникалык, гуманитардык жана финансылык жардамдарды алууга жана пайдаланууга;
4) формалдуу билим берүүнүн бардык деңгээлдеринин сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү маселелери боюнча семинарларды, улуттук жана эл аралык конференцияларды уюштурууга;
5) веб-сайтта маалыматтык материалдарды басып чыгарууга, формалдуу билим берүүнүн бардык деңгээлдеринин сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү жаатындагы өз иши жөнүндө маалыматты түзүүгө жана актуалдуулугун колдоого;
6) формалдуу билим берүүнүн бардык деңгээлдеринин сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү процессинде пайда болгон милдеттерди чечүү үчүн келишимдик негизде эксперттерди (улуттук жана эл аралык) жана адистерди тартууга;
7) эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу маселелери боюнча кызматташууга;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
4-глава. Департаменттин жоопкерчилиги
13. Департамент төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) мыйзамдарга ылайык өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы;
2) жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келүүчү аракеттер же аракетсиздиктер;
3) маалыматтардын купуялуулугун сактоо;
4) формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн натыйжаларында камтылган жеке маалыматтарды сактоо;
5) формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө ачык отчетту берүү аркылуу коомчулукка маалымдоо.
уюштуруу жана башкаруу
14. Департаментти Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
15. Департаменттин кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлер болуп саналбайт.
1) Департаменттин ишине жалпы жетекчилик жүргүзөт жана Департаментке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) Департаменттин түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
3) Департаменттин кызматкерлерине эмгек акынын мыйзамда белгиленген эң төмөнкү өлчөмүнөн төмөн эмес эмгек акы төлөө шарттарын өз алдынча аныктайт;
4) Департаменттин ички иш тартибин, кызматкерлердин кызматтык милдеттерин аныктайт;
5) Департаменттин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
6) Департаменттин кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда коргойт;
7) Департаменттин кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын мыйзамдарда белгиленген тартипте колдонот;
8) Департаменттин алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
17. Департаменттин кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн эмгек милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, ошондой эле укукка каршы аракеттерди (же аракетсиздикти) жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык, тартиптик, кылмыш-жаза жана башка жоопкерчиликтерди тартышат.
6-глава. Департаментти каржылоо
18. Департаменттин иши өзүн-өзү каржылоо принциптеринде жүзөгө ашырылат.
Билим берүү чөйрөсүндөгү тандама тестирлөөнү жана башка баалоо жол-жоболорун жүргүзүү боюнча чыгымдар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде Министрликке тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
19. Департаменттин ишин каржылоонун булактары болуп билим берүү уюмдарынын окуучуларын ыктыярдуу негизде тестирлөөдөн өткөрүүдөн, билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөө боюнча конкурс өткөрүүдөн, окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоодон (жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо, артыкчылык менен жалпы орто билими жөнүндө документ алууга бүтүрүүчүнүн билим деңгээлин көз карандысыз баалоо) түшкөн каражаттар, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн түшкөн каражаттар, анын ичинде гранттар жана кредиттер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар саналат.
20. Департамент чарбалык иштерди жүргүзүүгө укуктуу. Чарбалык иштен алынган кирешелер жана ушул кирешелердин эсебинен сатып алынган мүлк Департаменттин өз алдынча тескөөсүнө келип түшөт жана өзүнчө баланста эсепке алынат.
21. Департамент белгиленген тартипте финансылык каражаттардын эсебин жана отчеттуулукту жүргүзөт, статистикалык, бухгалтердик жана башка отчеттордун маалыматтарын даярдоону жана тиешелүү органдарга берүүнү камсыз кылат.
7-глава. Департаментти кайра уюштуруу
жана жоюу тартиби
22. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
23. Департаменттин иши токтотулганда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Опубликовано: 23.04.2025, 12:17
Назад