ТОКТОМ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 "Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү маселелери жөнүндө" токтому


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 13-сентябры568

Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү маселелери жөнүндө

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору" мекемесинин аталышы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти болуп өзгөртүлсүн.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасында формалдуу билим берүүнүн сапатына тандама тестирлөө жана баалоо жүргүзүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин иши өзүн-өзү каржылоо принцибинде жүргүзүлөт;

2) билим берүү чөйрөсүндөгү тандама тестирлөө жана башка баалоо жол-жоболору Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде каржыланат.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо:

- 10-пунктунда:

3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи, он экинчи абзацтар менен толукталсын:

"- формалдуу билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо, анын сапаты жөнүндө так, толук жана объективдүү маалымат алуу;

- билим берүү уюмдарынын жана программаларынын рейтингин аныктоо;";

4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- чет өлкөлөрдө берилген билими жөнүндө документтердин аныктыгын таануу;";

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу схемасында:

- "Республикалык ведомстволук мекемелер" деген бөлүмдө:

"Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору" деген сөздөр "Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 11-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар улуттук борбору" мекемеси" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жободо:

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) тарабынан жүргүзүлөт.";

- 6, 17, 20, 22, 26, 29, 30, 32, 33, 38, 39, 41, 44-пункттарындагы тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Улуттук борбор" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Департамент" деген сөзгө алмаштырылсын.

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 273 "Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандап алууну өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) тарабынан ишке ашырылат.";

- 17, 21, 23, 24, 26, 27, 31, 34, 35, 36, 38, 39, 40, 46-пункттарындагы тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Улуттук борбор" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Департамент" деген сөзгө алмаштырылсын.

8. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

2) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 72 (3626) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров

 

 

cbd.minjust.gov.kg


Опубликовано: 23.04.2025, 12:28
Назад