Кесиптик билим берүүнүн сапатын баалоо үчүн жаңы Концепциянын долбоору коомдук талкууда
Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти жумушчу кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн билимин баалоого жана тышкы мониторинг жүргүзүүгө багытталган Концепциянын, ошондой эле мониторингдин критерий жана индикаторлорунун долбоорун педагогикалык коомчулуктун талкуусуна чыгарды.
Бул демилге – билим берүү программалары менен бүтүрүүчүлөрдүн алган билиминин эмгек рыногунун талаптарына жана иш берүүчүлөрдүн муктаждыктарына шайкештигин камсыздоого багытталган маанилүү кадам.
Билим сапатын өнүктүрүү департаменти Концепциянын долбооруна карата кесиптик билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин жана адистеринин пикирлерин жана сунуштарын күтөт. Бардык каалоочулар өз сунуштарын 2025-жылдын 10-октябрына чейин info@drko.kg электрондук дарегине жөнөтө алышат.
https://www.drko.kg/articles/58 шилтеме аркылуу Концепциянын долбоору жайгаштырылган.
Опубликовано 23.09.2025 пользователем Admin
Назад